Сокулук районунун күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди

Коом 2 октябрь 2025 10:12
557095984_792078266750484_5217380303679897136_n.jpg
557612751_792078233417154_683564311719562098_n.jpg
557613692_792078543417123_6966659912414004442_n.jpg
557637333_792078313417146_8409059660763833274_n.jpg
557638256_792078503417127_6943219404508703274_n.jpg
557657346_792078826750428_2278354153429841800_n.jpg
557683923_792078250083819_4672438163667867489_n.jpg
557832113_792078326750478_3251586562185445952_n.jpg
558467063_792078563417121_2125400960588838821_n.jpg
558657865_792078746750436_5465150394094748587_n.jpg
558677553_792078600083784_2891358650160118935_n.jpg
558927884_792078286750482_10161886573596804_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев күн мурун Сокулук РЭТине күтүүсүз барып, алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, текшерүүнүн жүрүшүндө министр Сокулук РЭТиндеги оңдоп-түзөө, реконструкциялоо жана учурда район боюнча "акылдуу" эсептегичти орнотуу иштери менен жакындан таанышты.

Министр акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери белгиленген мөөнөттө тиешелүү көлөмдө аткарылбай жаткандыгын баса белгилеп, ушул жаатта ыкчам иш алып барууну Электр энергиясын сатуу кызматынын жетекчисине тапшырды.

Аны менен катар Сокулук РЭТинин жетекчисине бир ай аралыгында кызматкерлерди ишке өз убагында келип, кетүүсүн көзөмөлдөгөн турникет орнотууну, диспетчерчик кызматтын мнемосхемасын заманбап LED экранга алмаштырууну, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча керектөөчүлөр менен тыгыз иш алып барууну жана оңдоп-түзөө иштерин өз убагында жана сапаттуу аткарууну, коопсуздук эрежелерин так сактоону, маселе менен кайрылган абоненттерге сылык мамиле жасоону тапшырды.

Мындан тышкары Сокулук РЭТинин эмгек жамааты менен жолугушуп, чечилбеген маселелер, аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды. Анда энергетиктер атайын техниканын жетишсиздигин, айлык маянанын аздыгын билдиришти.

Министр айтылган сунуштарды угуп, кийинки жылы Чүй электр тармактар ишканасына көбүрөөк атайын техника бөлүнөрүн айтты. Аны менен катар кесипкөй адистерди тармакта кармап калуу үчүн жакынкы аралыкта айлык маяна көтөрүлөрүн билдирди.