Миллион тапкан малина: Өлкөнү багып жаткан орто жана чакан бизнес колдоого алынууда

Экономика Загрузка... 26 Май 2026 11:15
ChatGPT Image 26 мая 2026 г., 11_23_45.png

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

2026-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ИДПсы 10%дан жогору болору күтүлүүдө. Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери ушундай корутунду чыгарышып, учурда өлкөгө салынган инвестициялар жигердүү иштеп жатканын билдиришти. Белгилей кетсек, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 50%дан ашык үлүшүн дал ушул чакан жана орто бизнес сектору түзөт. Мына ошондуктан, өлкө жетекчилиги аталган тармакты ар тараптуу колдоого өзгөчө басым жасоодо.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков экономиканын өзөгү болгон бир эле айыл чарба тармагы туура багытталса, мамлекетке триллиондогон кирешелерди алып келүүчү зор потенциалга ээ экенин белгиледи.

WhatsApp_Image_2026_qIuv8Dm.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 25 миңден ашык орто жана чакан бизнес иштейт. Беш жыл мурда алардын саны 17 миң болчу. Чакан жана орто ишкерлик 600 миңден ашык жаранды жумуш менен камсыздап, миңдеген үй-бүлөнүн негизги киреше булагын түзүүдө. 2020-жылы ички дүң продукциядагы үлүшү 39,1% болсо, 2025-жылы 51,7%га жетти. Башкача айтканда, өлкө экономикасынын дээрлик жарымынан ашыгын ээлеп турат. Натыйжада, Кыргызстандын экономикасы тапкан акчанын жарымы бизнестин дал ушул секторуна таандык.

259735770

Чакан жана орто бизнес эл арасына жеткиликтүүлүгү, өз алдынча жумуш оруну менен камсыздай ала тургандыгы, эл катары аталган катмардын кирешесине, эмгек миграциясы көйгөйүнө, жакырчылыкты азайтууга таасир эте алган сектор катары өзүн көрсөттү. Буга чейин административдик жана фискалдык негизсиз кысымга, ашкере текшерүүлөргө кабылып, белгисиздикте иш алып барса, акыркы беш жылдан бери өлкө жетекчилигинин көзөмөлүнө өттү. Президент Садыр Жапаров күч жана салык органдарынын тизгинин тартып, мамлекет бизнести колдоп, коргой турганын билдирген.

3.webp
"Бардык ишкерлерди, ал жаңы ишин баштаган ишкерби же тажрыйбалуу ишкер болобу, мамлекет аны эч качан жалгыз таштабайт жана анын ийгиликтерге жетишине ишенимдүү өнөктөш болуп берет", - деп билдирген Садыр Жапаров 2025-жылдын соңунда өткөн IV Элдик курултайдагы сөзүндө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев инвесторлорго аяр мамиле жасап, шарт түзүп берүүгө ар бир жергиликтүү бийлик органынын жетекчисин милдеттендирди. Жергиликтүү бийлик демекчи, региондордогу ишкерлик негизинен айыл чарбасына багытталган. Кыргызстандын аймагынын 90%дан ашыгы тоолуу экенин, анын үстүнө калктын жарымынан көбү айыл жергесинде жашаганын эске алсак, жарандардын жашоосу ар кыл деңгээлде агросектор менен байланышкан. Өлкө экономикасынын маанилүү багыты болгон бул тармактын 2025-жылдын ИДПсындагы үлүшү 475 млрд сомго жетти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кабар подкаст" берүүсүнүнө берген маегинде иш жөнгө салынса, айыл чарбасы триллиондогон кирешелерге чыга аларын билдирди.

2026-02-26_11-36-00_166905

"Биздин мүмкүнчүлүк - беш триллион. Аба ырайы, географиялык жайгашуубуз ыңгайлуу. Мисалы, кулпунай, малина, карагат кымбат, рентабелдүү. Жанына кайра иштетүүчү завод салсак, андан да көп акча түшө турган мүмкүнчүлүк бар. Бир гектар жерге буудай сепсек 70 миң сом түшөт. Эгер малина отургузсак 2 млн сом, өздүк наркы менен 4 млн сомго жетет. Бир гектардан эле 4 млн тапса болот. Ушул жерде биздин министрликтин чоң жоопкерчилиги бар. Туура программаны бекитип, президент Садыр Нургожоевич түзүп берип жаткан моралдык, каржылык, мыйзамдык колдоолорду пайдаланып, айыл чарба тармагын башка деңгээлге алып чыгышыбыз керек.

1774246830-1xl

Биз мамлекеттик программалардын эффективдүүлүгүн дагы көрсөтүп бере албай жатабыз. Алсак, айыл чарбасын каржылоого 12 млрд сом бөлүндү, дыйкандарга 6%дык насыялар бирдей берилет. Ошол акча министрликтер, облустук, райондук деңгээлдеги жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынып, эффективдүү иштетилип жатабы же жокпу, маселе ушунда. Программанын таасирин дыйкандар капчыгы менен канчалык деңгээлде сезип жатышат, кеп ошондо. Мамлекеттик бюджет киреше албаса, мейли. Бирок дыйкан пайда табышы керек. Болбосо программа да иштебейт, үй-бүлөгө ашыкча каржылык жүктү жаратат, натыйжада жаран эмгек миграциясына кетүүгө мажбур болот.

Негизи ишкерлик кылуу оңой эмес. Ишкерликти колдоо керек деген мамлекеттик кызматкерлер аз. Азыр дагы жакшы, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен коррупциялык элементтер жоюлуп, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо керектиги тынбай айтылып жатат. Мурда чек арадан баштап карантиндик кызмат, ветеринар, бажы кызматтары бир тамгадан ката кетсе деле, болор-болбос үчүн ишкерлерди "күйгүзүп" келишкен. Бизнес мамлекеттик кызматтан колдоо деле күтпөйт, болгону жакшы мамиле кылып, сүрөп турсун. Жер-жерлердеги мамлекеттик кызматкерлердин ишкерлерге болгон оюн, мамилесин өзгөртсөк бизнес да чыйралат. Ушундай жерде биз айтып, түшүндүрүп беришибиз керек", — деп билдирди ал.

whatsapp_image_2024-08-29_at_11_07_38_730x0.730x0

Чакан жана орто ишкерлик айрым өнүккөн мамлекеттердин ИДПсынын дээрлик 60-70%ын түзөт. Иш жөнгө салынса жана Кыргызстандын шарттары туура пайдаланылса, биздин өлкөнүн өкмөтү көрсөткүчтү ушул деңгээлге жеткире аларын экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров билдирди.

"Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан орто жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү, алардын ишмердигин жөнгө салуу, өнүктүрүү чаралары айрым натыйжаларга жеткенин көрүп жатабыз. Мисалы, жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Өкмөт Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аркылуу бир катар иштерди жүргүзүүдө. Мисалы, кластердик ыкма менен майда-барат чарбалар биригип бир продукция чыгарып, иштетип, тышкы базарларга чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Институционалдык колдоо иретинде чакан жана орто бизнести колдоо боюнча консорциум түзүлдү. Ал эми акыркы 3-4 жыл ичинде "Социалдык контракт" долбоору өзүнүн маанисин көрсөттү. Мурда социалдык колдоо алып жүргөндөр өкмөттөн каражат алып, бизнес ача коюп, иштетишүүдө. Канчалаган үй-бүлөлөр жакырчылыктан чыгып жатышат.

Кыргызстандын экономикасында акыркы кездерде ИДПдагы орто жана чакан бизнестин көлөмү өсүп жатат. Биз түшүнүшүбүз керек, көп өлкөлөрдө ИДПнын 60-70%ын орто бизнес түзөт. Мамлекеттин ишти жөнгө салуу аракети, шарттарды туура пайдалануусу жана жаңы демилгелери акырындык менен ушул көрсөткүчкө жеткирет деп ойлойм. Мында ашыкча уруксат кагаздарынан арылткан дебюрократизация процессин өзгөчө белгилеп кетүү керек. Бул бизнес үчүн өтө жагымдуу шарт", — деп билдирди экономика илимдериний доктору Төлөнбек Абдыров.