Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда турмушта, унааларда жана өнөр жай тармагында колдонууга арналган ата мекендик өрт өчүрүүчү каражаттар чыгарылууда.
Компаниянын кеңешчиси Даниел Ибраимовдун айтымында, өндүрүлүп жаткан каражаттардын арасында үйлөрдө жана батирлерде колдонууга ылайыкталган чакан өрт өчүргүчтөр, ошондой эле өрт чыккан учурда автоматтык түрдө иштей турган түзүлүштөр бар.
Мындан тышкары, унааларда, өндүрүш ишканаларында жана атайын тазалык талап кылынган медициналык жайларда колдонулуучу каражаттар чыгарылууда. Алардын айрымдары аэрозолдук технологиянын негизинде иштейт.
Ибраимовдун белгилешинче, каражаттардын курамындагы заттар адамдын ден соолугуна зыян келтирбейт.
"Учурда продукциянын баасы так аныктала элек. Алдын ала эсеп боюнча чакан каражаттардын баасы 5 миң сомдун тегерегинде болууда", - деп айтылат маалыматта.