Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. 1-июль күнү Чүй ОИИББнын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун кызматкерлери Сокулук районунун Сокулук айылында кызмат өтөп жүргөн учурда, Сокулук дарыясынын ортосунда калган жаш өспүрүмдөрдү байкашкан.
Милициянын маалыматына ылайык, кызматкерлер окуя болгон жерге ыкчам жетип барганда, суунун деңгээли көтөрүлүп кеткендиктен, жаш өспүрүмдөр өз алдынча жээкке чыга албай калганы аныкталган. Кызматкерлердин ыкчам аракеттеринин натыйжасында өспүрүмдөр суудан аман-эсен чыгарылып, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген эмес. Андан соң балдар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
"Чүй милициясы жарандарды, өзгөчө ата-энелерди жайкы мезгилде жашы жете элек балдарды кароосуз калтырбоого, дарыялардын, каналдардын жана башка кооптуу суу объектилеринин жанына жалгыз жибербөөгө чакырат.
Балдардын коопсуздугу — ар бир жарандын жана ар бир ата-эненин жоопкерчилиги. Кандай гана өзгөчө кырдаал болбосун, өз убагында көрүлгөн сактык чаралары кайгылуу окуялардын алдын алууга өбөлгө түзөт",-деп айтылат билдирүүдө.