Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Бүгүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов Ички иштер министринин тапшырмасынын негизинде адам өмүрүнө коркунуч жаралган кырдаалда кайраттуулуктун жана кесипкөйлүктүн үлгүсүн көрсөтө алган кызматкерлерге “Каармандык” медалын тапшырды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада Каныбек Абдырахманов милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын эрдиктери башка кесипештерине өрнөк болушу керектигин белгиледи.
Эск салсак, 18-июль күнү кечинде Сосновка айылынан “Тойота Аллион” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, каналга түшүп кеткен учурда Сосновка айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Эрмат Сасыков жана Нурлан Бийбосуновдор унаанын ичинен эки адамды алып чыгып, сактап калышкан.