Милдеттүү медкамсыздандыруу полисин өз убагында сатып алуунун маанилүүлүгү эскертилди

Ден соолук Загрузка... 15 Сентябрь 2025 13:46
WhatsApp_Image_2025_1HiiQlc.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.09.25 /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын аягына карата жарандардын 75,4%ы милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси боюнча камсыздандырылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Санжарбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, ооруканага түшкөн бейтаптын полиси жок болсо, аны сатып алса болот, бирок документ 5 күндөн кийин гана күчүнө кирет.

“Камсыздандыруу принцибине ылайык, полисти алдын ала сатып алуу керек”, - деди Исаев.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев кошумчалагандай, эгерде үй өрттөнүп, андан кийин гана камсыздандыруу сатып алынган болсо, анда кенемте төлөнбөй калат.

"Биздин дарыгерлер элге полисти алдын ала сатып алуу керектигин түшүндүрүшү керек. Ооруканага келип, полисти сатып алып, анан дароо камсыздандыруу төлөмдөрүн талап кылууга болбойт. Бул камсыздандыруунун принциптерине каршы келет", - деп белгиледи ал.