Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Бишкек шаарында "Ак-Кула" көмөк чордону курулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор жаңы көмөк чордон эски ипподромдун аймагында жайгашып, "Жал", "Рабочий городок", "Ипподром" райондорунун жана жаңы курулуп жаткан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүнүн электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыз кылат.
"Ак-Кула" көмөк чордону кубаттуулугу 16 000 кВА болгон заманбап жабдуулар менен жабдылган, анын ичинде элегазалык өчүргүчтөр, ток трансформаторлору жана 110 кВ чыңалуудагы ажыраткычтар бар.
Мындан тышкары, 110 кВ чыңалуудагы "Ала-Арча – Ново-Южная-1" электр аба чубалгысы тартылган.
"Ак-Кула" көмөк чордонунун ишке кириши азыркы иштеп жаткан "Мамбетова", "Ново Южная" жана "Айни" көмөк чордондорунун жүктөмүн азайтып, электр энергиясынын жоготууларын кыскартууга шарт түзөт.