МИКтен 9 жыл мурда кандай үйлөр берилген?

Коом Загрузка... 24 Июль 2025 16:00
copyright icon WWW
Маматазимов Кутманбек

Маматазимов Кутманбек

Бардык материалдар

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы түзүлгөн. Бирок, бир жыл каражаты жок туруп, 2016-жылы алгачкы жолу мугалим болуп эмлектенген Нуржан Аманова аттуу жаранга насыя берилген.

МИКтин 9 жыл мурунку шартына ылайык, жарандар рынокто сатылып жаткан үйлөрдөн өзү таап, 20% баштапкы төлөмүн салган учурда, калган сумма 14% жылдык үстөк менен 15 жылга берилип турган.

10 жыл аралыгында МИКтин шарттары бир нече ирет өзгөрүлдү. Видео баянда 2015-жылдан 2025-жылга чейинки маалыматтарды тизмектейбиз.