МИК түзүлгөндөн бери өлкө боюнча 15 миңдей жаран үйлүү болду

Коом Загрузка... 07 Октябрь 2025 12:18
3243090.37ea1252e97.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн бери республика боюнча 15 миңге жакын жаран батирдин ээси болгон. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин түз эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Мырзагүл Сардарбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 70 миң батир курулууда.

"Учурда Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй, Ош, Нарын облустарында көп батирлүү үйлөр курулуп жатат. Жыл аягына чейин Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаары жана Сузак районундагы батирлер берилет. Бишкектин Маликов көчөсүндө миңге жакын батирдин ачкычы тапшырылат", - деди ал.