Ипотекалык батирлердин жайгашкан жери боюнча баалары

Коом Загрузка... 07 Октябрь 2025 12:53
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Ипотекалык батирлердин баасы жайгашкан жерине жараша болот. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин түз эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Мырзагүл Сардарбекова билдирди.

Ал белгилегендей, баалар чарчы метрге ылайык эсептелет.

"Бишкектин Маликов көчөсүндөгү батирлердин чарчы метри кезекте тургандар үчүн баасы 78 миң 705 сом. Кустанай жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде да ушундай эле баа. "Ынтымак" турак жай комплексинде 87 450 сом, ал эми Күн-Туу айылында 83 миң 78 сом. Ал эми батирлер үй-бүлөдөгү адамдардын санына жана кирешесине жараша бөлүштүрүлөт. Кезекте турган жарандарга биз кайсы батир бөлүнөрүн айта албайбыз”, - деди ал.

Ошондой эле Сардарбекова жарандар батирдин баасын МИКтин расмий сайтынан көрө алаарын айтты.

Өкүлчүлүктүн башчысы кошумчалагандай, баа саясаты көптөгөн факторлордон көз каранды.

"Учурда баа саясаты курч турат. Эртең бир чарчы метрдин баасы канча болорун айта албайбыз, анткени бул саясий кырдаалга, товарлардын баасына жана дүйнөлүк кризиске байланыштуу. Биз муну алдын ала болжолдой албайбыз”, — деп түшүндүрдү ал.