Миграциялык мыйзамдарды сактоо: Аламүдүн районунда ишканалар текшерилди

Коом 309 24 Июль 2026 14:50
751319721_992582150445409_1320738305793046303_n (1).jpg
754298130_1064957239813225_2401902436601873847_n (1).jpg
750829066_1063120400009615_4909244824759481060_n (1).jpg
752616683_974513735616290_7173284756754354399_n.jpg
753306468_943591122079822_3694140912276756530_n.jpg
754298130_1064957239813225_2401902436601873847_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Чүй облустук милициясы

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан ишканалар менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Облустук милициядан билдиришкендей, иш-чарага Аламүдүн РИИБдин жетекчилиги жана экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери, ошондой эле Чүй ОИИББдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлдөрү катышты.

Профилактикалык иш-чаралар чет өлкөлүк жарандар көп эмгектенген Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагындагы курулуп жаткан МИК объектисинде жана Байтик Баатыр айыл аймагындагы Боз-Бөлтөк тоосунда жайгашкан "Илина Групп" ЖЧКсында өткөрүлдү.

"Иш-чарада чет өлкөлүк жарандарды мыйзамдуу негизде ишке алуу, миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле иш берүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо боюнча сунуштар жана эскертүүлөр берилди",-деп айтылат маалыматта.