Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Россиянын мыйзамдарына чет өлкөлүк жарандардын медициналык кароодон өтүү тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти кескин күчөтүүчү жаңы өзгөртүүлөр киргизилди.
Кыргызстандын элчилигинен билдиришкендей, бул эрежелер Россияда жүргөн же ал жакка барууну пландап жаткан кыргызстандыктарга түздөн-түз тиешелүү.
"Медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткандарга же качкандарга 25 миңден 50 миң рублга чейин айып пул салынат жана Россиянын аймагынан чыгарып жиберүү (же чыгарбоо) маселеси каралат", - деп айтылат маалыматта.
Элчиликтен белгилешкендей, эгерде салынган айып пулду өз убагында төлөбөсө, ал сумма эки эсеге көбөйтүлөт жана жаран Россиядан милдеттүү түрдө чыгарылат.
Ошондой эле коркунучтуу оорулары жок деген жасалма медициналык маалымкаттарды жасагандарга жана саткандарга кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап Россияда 90 күндөн ашык турууну пландаган чет элдиктер өлкөгө кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүшү керек.
Кыргызстандын жарандарына Россиянын аймагында мыйзамдык кыйынчылыктарга жана депортацияга туш болбоо үчүн кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо сунушталат.