Миграциялык мыйзамды бузган чет өлкөлүктөр үчүн бир айлык жеңилдик берилди

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 13:35
WhatsApp Image 2026-07-01 at 10.18.00.jpeg
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн убактылуу жеңилдик берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Президенттин жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүнү каалаган чет өлкөлүктөргө төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр түзүлөт:

  • административдик жоопкерчиликтен (айып пулдардан) бошотулат;
  • мамлекеттик алым төлөбөстөн, чыгуу визасын акысыз тариздей алышат;
  • өлкө аймагынан эч кандай тоскоолдуксуз чыгып кетүүгө уруксат берилет.
"Бул өлкөдө болуу мөөнөтү же визасынын убактысы өтүп кеткендер, ошондой эле мыйзамдуу жүрүүгө документин жоготуп алгандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, кылмыш иши козголгон, соттолгон, төлөнбөгөн башка айып пулу же салыктык карызы бар адамдарга бул жеңилдик жайылтылбайт.

Министрлик бул акция өлкөдө калып мыйзамдашууну эмес, тек гана айып пулсуз чыгып кетүүнү караганын эскертет. Талаптарды аткарбай өлкөдө кала бергендерге август айынан баштап катаал чаралар көрүлөт.

Эмгек мигранттары алгач ИИМдин аймактык бөлүмүнөн тиешелүү чечим алып, андан соң e-Visa порталы аркылуу чыгуу визасын алуу зарыл.

Маалымат үчүн ишеним телефондору:

  • Эмгек министрлиги: (0312) 66-39-64;
  • ТИМ: (0312) 66-30-70.