Миграция жана экология: Ысык-Көлдө чет өлкөлүк ишкерлер менен жыйын өттү

Аймак 99 13 Август 2026 12:10
769130270_2144254329828744_7028561187041510431_n.jpg
773290927_1582352163256985_6365624383936241184_n.jpg
Алдыга
Артка
769130270_2144254329828744_7028561187041510431_n.jpg
773290927_1582352163256985_6365624383936241184_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда аймакта жол куруу иштерин жүргүзүп жаткан "Дормостстрой" компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.

Аймактык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жарандардын жүрүм-туруму, миграциялык мыйзамдарды жана белгиленген тартипти так сактоосу боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муну менен катар, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында таштандыны кайра иштетүүчү заводдордун жетекчилери менен да атайын жолугушуулар уюштурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык тазалыкты сактоо жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын кынтыксыз аткаруу маселелери өзгөчө белгиленди.