Миграция жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда

Саясат Загрузка... 28 Ноябрь 2025 18:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эмгек миграциясы маселеси эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизги темасына айланды. Эки лидердин ачык жана конструктивдүү диалогу Бишкек менен Москванын кызматташууну өнүктүрүүгө, жарандардын укуктарын коргоону камсыздоого жана Россия Федерациясындагы кыргызстандыктардын жашоо сапатын жакшыртууга умтулуусун тастыктайт.

миграция 4.webp

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, тараптар Кыргызстандын жарандарынын Россияда мыйзамдуу жашоосу үчүн ачык-айкын шарттарды түзүүгө, ошондой эле татыктуу эмгек шарттарын жана социалдык кепилдиктерди камсыздоого өз ара кызыкдар экенин ырасташкан.

миграция 1.webp

“Бул маанилүү багыт боюнча тиешелүү министрликтер аркылуу мындан ары да иш алып барууга макулдаштык. Миграция маселелери боюнча өз ара кызматташуу мындан ары да ырааттуу түрдө бекемделет”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

миграция 3.webp

Россия президенти Владимир Путин “Номад ТВ” телеканалына берген маегинде миграция темасына орус коомчулугунун ичинде урмат-сый менен мамиле кылуу маанилүү экенин баса белгиледи. Анын айтымында, миграция маселеси жарандарда нааразычылык жаратпашы керек. Кыргызстандан келип иштеп жаткан жарандар өздөрүн Россиядагы чөйрөнүн бир бөлүгү катары сезип, мыйзам боюнча каралган бардык социалдык укуктардан пайдаланышы зарыл.

миграция 6.webp

Эки тараптын миграция маселесиндеги оң мамилесин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да тастыктады. Анын айтымында, Россия ЕАЭБдин принциптерин сактоо жана колдоо менен бирге миграциялык процесстерди тартипке келтирүү багытында ырааттуу иштерди жүргүзүүдө.

“Эң негизгиси, аларга бардык мыйзамдарды жана талаптарды аткарууга ыңгайлуу шарт түзүү. Биз өлкөлөр ортосундагы диалогдун конструктивдүү мүнөзүн жана болгон маселелерди биргелешип чечүүгө даярбыз”,- деп белгиледи ал.

миграция 7.webp

Саясат таануучу Токтобек Рыскулов белгилегендей, президенттердин миграция саясатын талкуулоосу айрым бюрократиялык процедураларды жеңилдетүүгө, каттоо механизмдерин жакшыртууга жана эмгек мигранттарынын укуктук корголушун жогорулатууга багытталган конкреттүү кадамдарга жол ачат.

миграця.webp

Эксперттин айтымында, эки лидердин миграция маселесине көңүл бурушу Кыргызстан жарандарынын Россиядагы иштеп жашоо шарттарын жакшыртып, ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт. “Эгерде диалог жогорку деңгээлде жүргүзүлсө, биздин жарандарыбызга тынч жана ишенимдүү иштөөгө жардам бере турган практикалык чечимдерге үмүт кыла алабыз”,- деп белгиледи ал.

миграция 5.webp

Жалпысынан, бул сапар миграция жаатындагы кызматташтык кыргыз-орус мамилелеринин артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон кала берерин баса белгиледи. Эки өлкө тең өнөктөштүктү бекемдөөгө, жарандардын укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатууга жана эки мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп жаткан кыргызстандык эмгекчил жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенин көрсөтүштү.