Meta балдарга келтирилген зыян үчүн $567 млн төлөөгө милдеттендирилди

Дүйнө 33 10 Август 2026 09:55
meta-facebook.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. АКШнын Нью-Мексико штатындагы сот Meta компаниясын балдарга жана өспүрүмдөргө социалдык тармактардын зыяндуу таасирин азайтуу боюнча чараларга 567 млн доллар төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Каражаттын 420 млн доллары жаштарга медициналык жана башка жардам көрсөтүүгө жумшалат. Калган бөлүгү беш жыл ичинде алдын алуу иш-чараларына, маалыматтык кампанияларга жана медициналык текшерүүлөргө багытталат.

Сот ошондой эле Facebook жана Instagram платформаларында колдонуучулардын жашын текшерүүнү күчөтүүнү, жашы жете электерди коргоо чараларын жакшыртууну жана коопсуздук көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылды.

Буга чейин, март айында, сот арачылары Meta компаниясын дагы 375 млн доллар төлөөгө милдеттендирген. Натыйжада компаниянын бул иш боюнча жалпы каржылык милдеттенмеси 942 млн доллар болду.

Meta соттун чечимине даттанарын билдирди.