Мэрия "ММ Стиль" ЖЧКсын ишенимсиз подрядчылардын реестрине киргизди

Коом 144 18 Август 2026 10:50
1786973270_large.jpeg
1787026735.jpeg
1787026745.jpeg
1787026755.jpeg
1787026780.jpeg
1787026793.jpeg
1787026801.jpeg
Алдыга
Артка
1786973270_large.jpeg
1787026735.jpeg
1787026745.jpeg
1787026755.jpeg
1787026780.jpeg
1787026793.jpeg
1787026801.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Бишкек мэриясы "ММ Стиль" ЖЧКсы келишимдик жана кепилдик милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу мэриянын ишенимсиз (абийирсиз) жеткирүүчүлөрүнүн (подрядчылардын) реестрине киргизди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 2025-жылы мэриянын Октябрь райондук администрациясы менен "ММ Стиль" ЖЧКсынын ортосунда 8-, 9-,10-кичирайондордо жана Тунгуч кичи районунда ирригациялык тармакты куруу боюнча иштерди аткарууга келишимдер түзүлгөн. Келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин белгиленген.

Аткарылган иштерди текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталган. Тактап айтканда, ирригациялык лотокторду орнотууда жана асбест түтүктөрүн төшөөдө талаптардын бузулганы, системанын айрым элементтеринин бузулушу, бетон конструкцияларында жаракалардын жана башка кемчиликтердин пайда болушу, эңкейиштердин талапка ылайык сакталбаганы, ага чектеш жол катмары түшүп  калганы, конструкциялардын талаптагыдай бекемделбегени, ошондой эле сапаты талапка жооп бербеген асбест түтүктөрүнүн колдонулганы аныкталган.

Берилген маалыматтарга ылайык, иштердин аткарылыш деңгээли 8-кичи райондо — 85%, 9-кичи райондо — 99%, 10-кичи райондо — 90% түзгөн.

Аныкталган кемчиликтерге карабастан, подрядчы аларды жоюу жана кепилдик милдеттенмелерин аткаруу боюнча коюлган талаптарды толук көлөмдө аткарган эмес.

Келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу "ММ Стиль" ЖЧКсы Бишкек шаарынын мэриясынын ишенимсиз (абийирсиз) жеткирүүчүлөрүнүн (подрядчылардын) реестрине киргизилди.