Мэрия: Л.Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү ачылып, эки бөлүгү жабылды

Коом 2 сентябрь 2025 10:25
WhatsApp Image 2025-09-02 at 09.42.37.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 09.42.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 09.42.36.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-02 at 09.42.37.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 09.42.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 09.42.36.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 02.09.25 /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда Л.Толстой көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бул тилкеде төмөнкү иштер аткарылды:

- бордюрлар орнотулду;

- жол белгилери түшүрүлдү жана орнотулду;

- эки катмар асфальт төшөлдү.

Ошондой эле, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Л.Толстой көчөсүнүн төмөнкү тилкелери убактылуу жабылды:

- Асаналиев көчөсүнөн Бакаева көчөсүнө чейин;

- Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейин.

"Айдоочуларды жана шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алып, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранабыз",-деп айтылат мэриянын маалыматында.