Бишкек, 29.08.25 /Кабар/. Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарындагы айрым көчөлөр жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар ачылыштар жана иш-чаралар өтөт. Буга байланыштуу шаар аймагында айрым көчөлөр убактылуу жабылды.
Ал эми оор жүк ташуучу унааларга бүгүн шаар ичинде жүрүүгө тыюу салынды.
"Убактылуу ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алыңыздар",-деп айтылат маалыматта.