Мэрия: Балдар арабасы менен жүргөн ата-энелерди жол киреден бошотуу каралууда

Коом Загрузка... 09 Июль 2026 10:30
720486715_3866981373445033_2507287138110637860_n (1).jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Бишкекте балдар арабасын колдонгон ата-энелерди коомдук транспортто жол киреден бошотуу сунушталууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Бул маселе шаар мэри менен “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын” директору Талант Капаров катышкан кеңешмеде көтөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы тиешелүү кызматтарга бул демилгени ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

“Жоболорго өзгөртүү киргизилгенге чейин демилгени ишке ашыруунун жол-жоболорун даярдап, аны бир айлык пилоттук режимде сынап көргүлө. Бул мезгилде калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пилоттук долбоордун жыйынтыктарын талдап чыккыла. Андан кийин Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна сунуштоо үчүн тиешелүү чечимдердин долбоорун даярдагыла”, — деп тапшырды мэр.
WhatsApp Image 2026-07-09 at 10.25.10