Мэрдин тапшырмасы: Ошто "Тазалыктын" абоненттери 425 миңге жетет

Аймак 10 Июль 2026 10:15
742876572_1369222982063262_957883892399183483_n.jpg
741918612_1369223125396581_7750892987136701018_n.jpg
742198353_1369223022063258_1851241422065617610_n.jpg
742586580_1369223142063246_3691594013318633544_n.jpg
742595127_1369223075396586_7150574480307880421_n.jpg
743163934_1369222962063264_4212343231927105853_n.jpg
743163934_1369223038729923_5472045822778921307_n.jpg
743318222_1369222945396599_6879771299527843490_n.jpg
743806018_1369223095396584_948194146726180325_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош-Тазалык" ишканасынын жетекчиси Жылдызбек Көчкөновду кабыл алып, шаардын тазалыгын жана абоненттик базаны кеңейтүү маселесин талкуулады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда расмий катталган 387 миң абоненттин санын сентябрдын аягына чейин 425 миңге жеткирүү тапшырылды. Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандардын саны кайрадан такталат.

Ошондой эле таштанды акысын 3 айдан ашык төлөбөгөн жана карызы 5 миң сомдон жогору болгон жарандардан акча сот тартибинде өндүрүлө баштай турганы айтылды. Жыл аягына чейин дебитордук карызды 5 млн сомго чейин кыскартуу пландалууда.

"Тазалык кызматы көрсөтүлсө, анын акысы өз убагында төлөнүшү керек. Бул шаарды таза кармоонун негизги шарты", - деп баса белгиледи мэр.