Мэр Бишкектеги ар бир объектке QR-код жана маалымат тактасын орнотууну тапшырды

Коом Загрузка... 23 Июль 2025 17:10
1753247740_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ар бир объект тууралуу толук маалыматты (анын ичинде ижара акысын) камтыган QR-коддорду жана маалымат такталарын орнотуу милдетин койду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, шаар жетекчиси менчигинин түрүнө карабастан, бош турган жер участокторунун ээлерине "Бишкекбашкыархитектура" тарабынан бекитилген эскизге ылайык, тосмолорду орнотуу боюнча эскертүүлөрдү берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев участоктордун ээлерин шаарды көрктөндүрүү жана өрт коопсуздугу эрежелерин, санитардык талаптарды сактоого милдеттендирүү керектигин айтты. Анын ичинде участокторду куураган чөптөрдөн тазалоо зарылдыгы да белгиленди.

Мындан тышкары, "Бишкекбашкыархитектура" мекемесине кыска мөөнөттө бирдиктүү дизайн иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Акимдерге чарба субъекттери жана жер участокторунун ээлери менен менчигинин түрүнө карабастан, тиешелүү иштерди жүргүзүү милдети жүктөлдү.

Ал эми Муниципалдык менчик башкармалыгына өздөштүрүлбөгөн объекттерди инвентаризациялоо жана мыйзам бузуулар болгон учурда ижара келишимдерин мөөнөтүнөн мурда бузуу боюнча сунуштарды даярдоо тапшырылганы белгилүү болду.

Муниципалдык инспекция шаардык кызматтарга ар тараптуу жардам көрсөтүп, мыйзам бузгандарга карата Укук бузуулар кодексине ылайык чараларды көрүүгө тийиш экени айтылды.