Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. “Менин шаарым” тиркемесинде муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн төлөм кызматы ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, картадан же тизмеден унаа токтотуучу жайдын аймагын тандап, унаанын мамлекеттик номерин көрсөтүп, төлөмдү ырастоо керек.
“Унаа токтотуучу жайдын акысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин 25 сомду түзөт. Дем алыш жана майрам күндөрү муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн акы төлөнбөйт”, - дешти мэриядан.
Белгилей кетсек, төлөм кызматын “Санариптик технологиялар борбору”, “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканалары биргеликте ишке киргизди.