"Менин шаарым" тиркемеси. Жарым жылда мэрге 4304 кайрылуу келген

Коом Загрузка... 21 Июль 2025 17:55
1753098285_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек 21.07.25 /Кабар/. "Менин шаарым" мобилдик тиркемесиндеги  “Мэрге кайрылуу”  бөлүмүндө  жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын саны кескин өскөн.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында (январь-июнь) тиркемеге жарандардан  804 кайрылуу келип түшкөн. Ал эми 2025-жылдын 1 жарым жылдыгында (январь-июнь)  4304 кайрылуу түштү.

Белгилей кетсек, былтыркы жылдын биринчи жарым жылдыгында салыштырганда 5 эсеге көбөйгөн.

Ал эми, жарандардан электрондук түрдө келип түшүп жаткан жалпы кайрылуулардын көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй:

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында (январь-июнь) жарандардан Колл-борборго 7 112 кайрылуу калтырышкан:
-804 «Менин шаарым» мобилдик тиркемеге (11%);
-3 001 WhatApp (0554 182 185)  (43%);  
-3 307 бирдиктүү «1840, 1850» номерге (46%).

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында (январь-июнь) жарандардан Колл-борборго 10 897 кайрылуу калтырышкан:
-4 304 «Менин шаарым» мобилдик тиркемеге (39%);
-3 772 WhatApp (0554 182 185)  (35%);  
-2 821 бирдиктүү «1840, 1850» номерге (26%).

"Менин шаарым" мобилдик тиркемеси - бул жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутум. Бул тиркеме аркылуу бардык турак жай-коммуналдык чарба жана шаарды көрктөндүрүү маселелери боюнча кайрылууларды оңой жана жөнөкөй жөнөтсөңүз болот.

Мобилдик тиркеменин негизги максаты-көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу.