Мен уктабайм, түнү да текшерем! Балыкчынын мэри жетекчилерге катуу эскертүү берди

Аймак 13 Январь 2026 12:12
WhatsApp Image 2026-01-13 at 12.31.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-13 at 12.31.21.jpeg
613669915_17867450322539804_1190480750463567495_n.jpg
613527476_17867450304539804_4360485188253915825_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Балыкчы шаарынын мэриясы

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Мэриянын аппараттык жыйынында Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев шаардык кызматтардын жетекчилерине кескин талаптарды койду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы бардык мамлекеттик кызматкерлерди таза иштөөгө чакырды. Шаарда коррупциялык схемаларга жана мыйзамсыз иштерге таптакыр жол берилбестигин эскертти.

Мэр бүгүндөн баштап бардык иштер анын жеке көзөмөлүндө болорун билдирди.

"Мен уктабайм эми, түнү дагы барып текшерем. Бүт иштерди план боюнча өзүм көзөмөлдөп, өзүм чуркап бүтүрөм", - деп баса белгиледи Баатырбек Жантаев.

Белгилей кетсек, Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп 2025-жылдын июль айында дайындалган.