Мектептердин окуу чыгымдарына 2023–2024 жылы 974 млн сом жумшалды-министрлик

Билим 2417 26 Февраль 2025 13:57
WhatsApp Image 2025-02-26 at 10.50.43 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-26 at 10.50.43.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-26 at 10.50.43 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-26 at 10.50.43.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Өлкөдө 2023–2024 окуу жылында мектептердин окуу чыгымдарына 974 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүү тармагына биргелешип сереп салуу программасы” жыйынында белгилүү болду.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик бюджеттен каржыланган объекттердин тизмесине 513 билим берүү объекти киргизилди. 338 млн сом мектептердин окуу чыгымдарына, 134,4 млн сом окуу эмеректерине, 501,5 млн сом мектептердин учурдагы оңдоо иштерине сарпталган. Муну менен катар 2 миң 140 мектепте окуучуларга ысык тамак уюштурулуп, өлкөдөгү мектептердин 98 пайызы камтылган.

Белгилей кетсек, республика боюнча 2 миң 377 мектеп болсо, анын ичинен 2 миң 173 мектеп мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп.