Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен "Эл аралык Мета-Илимий университет" билим берүү мекемеси ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жана аярлуу катмардагы жаштарды колдоо боюнча кызматташат.
Ведомстводон билдиришкендей, учурда университетте ата-энесинин камкордугусуз калган 13 бала акысыз билим алууда. Тараптар бул тажрыйбаны улантууга, жыл сайын студенттерди кабыл алууга, гранттык орундарга талапкерлерди жекече тандоого жана алардын окуусуна колдоо көрсөтүүгө макулдашты.
Ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон жаштарды социалдык адаптациялоо, кесиптик окутуу жана ишке орноштуруу багытындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери каралды.
Белгиленгендей, министрдин биринчи орун басары Арлен Алиясов университеттин ректору Нурлан Исмаилов баштаган делегация менен жолугушуп, жаштардын сапаттуу кесиптик билим алуусун кеңейтүү маселелерин талкуулады.