Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын курулуш тармагы бардык багыттар боюнча олуттуу ийгиликтерди көрсөтүү менен экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп саналат.
"2024-жылы өлкөнүн ИДПсындагы курулуш тармагынын үлүшү 8 пайыздан ашып, экономиканын бардык тармагынын ичинен төртүнчү орунду ээлеген. Бул анын маанилүү гана эмес, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон стратегиялык маанилүү тармак катары статусун ырастайт", - деди бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Министрлер кабинетинин төрагасы курулуштун масштабдуу өсүшүн далилдеген так сандарды келтирди. Ага ылайык, акыркы беш жылда тармакта болуп көрбөгөндөй инвестиция жана өсүш болду. 2021-жылдан бери мамлекет курулуш тармагына 170 млрд сомдон ашык инвестиция салды, бул рекорддук сумма.
Бул салым олуттуу жыйынтыктарга алып келди: акыркы беш жылда 967 маанилүү социалдык объекттин курулушу аяктады.
315 мектеп курулуп, дагы 168 билим берүү уюмунун курулушу уланууда, 2025-жылдын аягына чейин алардын саны 483кө жетиши мүмкүн.
217 бала бакча курулуп, дагы 560 бала бакчаны куруу пландаштырылган. 34 саламаттык сактоо мекемеси курулуп жана оңдоп-түзөөдөн өттү, анын ичинде Бишкек шаарында медициналык шаарча бар. 284 спорттук объект, анын ичинде 103 спорт зал жана 143 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. 27 маданият мекемеси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Турак жай тармагында 61 миң ипотекалык батир курулууда, буга чейин 9 700 үй жарандарга берилип, жалпысынан 705 миң чарчы метр турак жайды пайдаланууга берүүгө мүмкүнчүлүк түздү. 2024-жыл рекорддук жыл болду, анда 2 млн 27 миң чарчы метр турак-жай пайдаланууга берилген, бул совет мезгилиндеги эң жогорку көрсөткүчтөн да (1990-жылы 1,56 миллион чарчы метр) бир кыйла ашты.
Мындан тышкары, 2025-жылы 18 чакан ГЭС пайдаланууга берилет, ал эми 2030-жылга карата 50 ГЭС куруу пландалууда, мында 385 мегаватт электр энергиясы өндүрүлөт.

2024-жылы өнөр жай 31,1 пайыз өсүштү көрсөттү, бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң мыкты көрсөткүч болуп калды. Ал эми 2025-жылдын биринчи жарымында курулуштун өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 142,5 пайызга жеткен.