Мектептерде синтетикалык дарыларды аныктоо боюнча долбоор иштелүүдө - министр

Ден соолук Загрузка... 20 Июнь 2025 17:56
WhatsApp_Image_2025_CgLLJJi.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. Ар бир мектептен саркынды суунун үлгүлөрү алынып, аларда синтетикалык дары-дармектер бар же жок экендиги аныкталат. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, департамент Россия тарап менен долбоордун үстүндө иштеп жатат.

"Ар бир мектепте саркынды суулардын үлгүлөрү алынат. Эгерде алардын курамында синтетикалык баңгизаттар табылса, анда Ички иштер министрлиги максаттуу текшерүүлөрдү жүргүзүп, ыкчам иш-чараларды жүргүзө алат. Биз бардык мектеп окуучуларын, студенттерди жана өлкөнүн жарандарын тестирлөөдөн өткөрө албайбыз, бирок бул ыкма менен аныктоого болот. Учурда бул долбоор иштелип чыгууда. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди ал.