Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Мектептерде билим берүү учур талабына ылайыкташууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, жаңы окуу жылында мектептик билим берүүнүн жаңыланган мамлекеттик стандарты жана окутуу модели иштелип чыкты. Ал көлөмү боюнча кыска, окуучуларга түшүнүүгө жеңил жана мугалимдер үчүн окутууга ыңгайлуу.
“Мурда билим берүүнүн мамлекеттик стандартын мугалимдер көп убакыт кетирип окуса деле түшүнүүсү абдан оор эле. Мындан улам биз практик, илимпоздор менен билим берүүнүн таптакыр башка форматын иштеп чыктык. Биз кичинекей бала мектеп босогосун аттаганда кандай баалуулуктарды үйрөнөт, патриот жарандын сапаттарын калыптандырууда эмнелерге басым жасашыбыз керек деген суроонун үстүндө көп иштедик. Себеби, баланы баалуулуктарга үйрөтүү менен гана анын мекенге болгон сүйүүсүн патриоттук сезимин үйрөтө алабыз ”,-деди ал.