Мектептерде 5 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздоодо - ИИМ

Коом 1 сентябрь 2025 14:15
540277912_1168596995289300_3425441184480462015_n.jpg
540899625_1168597058622627_3547009301497865222_n.jpg
540921603_1168597088622624_4409005853915174556_n.jpg
541446111_1168596971955969_1810618630903883177_n.jpg
539441310_1168596988622634_569508266267681630_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 01.09.25./Кабар/. Жаңы окуу жылынын башталышына карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-профилактикалык иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Республиканын билим берүү жайларында ИИМдин 5 миңден ашык кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышууда.

Мындан тышкары, сейил бактардын аймактарында, соода борборлорунда, оюн-зоок комплекстеринде жөө жана көчмө кайгуулдар тартылат. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун камсыздоого олуттуу көңүл бурулууда.

Ички иштер министрлиги айдоочуларды мектептердин жанынан унаа айдаганда өтө этият болууну эскертет. Ата-энелер балдарды унаага отургузуу жана түшүрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу маанилүү.

ИИМ балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда тез арада жакынкы милиция кызматкерине кайрылып же күнү-түнү иштеген 102 номуруна чалууну эскертет.