Мектептер, ооруканалар: Сокулукта 5 жылда 60тан ашык объект курулду

Аймак
Мектептер, ооруканалар: Сокулукта 5 жылда 60тан ашык объект курулду
copyright icon KABAR Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Сокулук районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, акыркы жылдары райондо 8 мектеп, 12 бала бакча, 21 спорттук объект, 16 медициналык имарат, 6 парк жана 3 социалдык шаарча курулган.

Ошондой эле президенттин Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен эки мектептин жана эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, дагы үч бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Мындан тышкары, 300 орундуу оорукананын курулушу улантылууда.