Бишкекте 86 бала мектепке мыйзамсыз катталганы аныкталды

Коом Загрузка... 27 Май 2025 10:05
2021_08_17_17_33_23_160275.jpg
copyright icon www

Бишкек 27.05.25 /Кабар/. Агартуу министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 1-2-класстарды мектепке каттоо системасына биргелешкен мониторинг жүргүзгөн учурда бир нече мыйзамсыз каттоолор аныкталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Мониторинг жүргүзүү учурунда Бишкектеги №29 мектепте 86 бала мыйзамсыз катталганы маалым болгон. Жасалма документтердин негизинде бир эле мыйзамдуу өкүлгө төрт жана андан көп баланы электрондук түрдө каттоо фактылары айкындалган.

Мыйзамсыз катталган балдардын маалыматы системадан өчүрүлүп, бошогон орундарга ошол аймакта жашаган балдар кабыл алынат.

Белгилей кетсек, каттоонун экинчи этабы 2-июнда башталат. Каттоо онлайн-форматта 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу, ошондой эле «Түндүк», «Мбанк», «Мегапей» жана башка тиркемелердин жардамы менен жүзөгө ашырылууда.