2025–2026-окуу жылы Кыргызстандагы билим берүү тармагы үчүн тарыхый учурга айланды. Ушул жылдан тарта өлкөдө расмий түрдө 12 жылдык билим берүү системасы күчүнө кирди. Бул өзгөрүү менен катар окуучулардын саны да кескин өсүп, көпчүлүк мектептерде үч нөөмөттө окутуу зарылдыгы жаралды.
Айрыкча, башталгыч класстын окуучулары үч нөөмөттө сабак окуп, кечкисин үйүнө караңгыда кайтып жаткан учурлар көбөйдү. Борбор калаадагы жол тыгындарын эске алганда, башталгыч класстын окуучулары үйлөрүнө өтө кеч барышат. Бул өз кезегинде, балдардын коопсуздугуна байланыштуу чоң коркунуч жаратат. Абал коомчулукта олуттуу суроолорду жаратууда: кечки нөөмөттө окуган кичинекей окуучулардын коопсуздугуна ким жооп берет? Аларды биринчи нөөмөткө жылдыруу боюнча эмне себептен чаралар көрүлбөй жатат?

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин адиси Мээрим Халиалдаеванын айтымында, учурда калаада жалпы 119 муниципалдык мектеп иштеп жатат. Алардын ичинен №3, 9, 21, 23, 31, 40, 42, 44, 59, 77, 82, 84, 89, 94, 96, 97, 102, 103, 111 жана 118 мектептеринде башталгыч класстын окуучулары үч нөөмөттө билим алууда.

"Калган орто жана жогорку класстын окуучулары негизинен эки нөөмөттө окушат. Балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бардык мектептерге күзөт кызматтары уюштурулуп, видеокамералар орнотулган. Ошондой эле 'Тынчсыздануу баскычтары” менен камсыздалган. Башталгыч класстар мектептерде биринчи, экинчи жана кошумча нөөмөттө билим алууда. Сабактардын аяктоо убактысы ар түрдүү: биринчи нөөмөт саат 13:00дө, экинчи нөөмөт 14:30 же 15:40та соңуна чыгат. Башталгыч класстарды толук бойдон биринчи нөөмөткө өткөрүү мүмкүн эмес. Анткени мектептерде орто жана жогорку класстар да билим алышы керек. Бишкек өлкөнүн борбору болгондуктан, калктын, анын ичинде окуучулардын саны абдан жогору. Бул көйгөйдү чечүү үчүн акыркы 3 жыл ичинде мэрия тарабынан 9 жаңы мектеп жана 15 кошумча окуу корпустары курулуп пайдаланууга берилди," - деп белгиледи адис.
Бишкек шаарынын Ленин районундагы №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Асел Абдрахманова төмөнкүлөрдү билдирди.

“Биздин мектепте окуучулар эки нөөмөттө жана кошумча нөөмөттө билим алышат. Экинчи нөөмөттө окуган балдардын сабагы, эгер алты саатка созулса, саат 18:30да аяктайт. Бул биздин мектептеги эң акыркы сабак бүткөн убакыт. Эми коопсуздук маселесине токтолсок, негизинен ар бир мектепте Бишкек шаардык мэриясынын тапшырмасы менен күзөт кызматкерлери иштейт. Күзөтчүлөр мектептеги окуучулардын санына жараша бөлүнөт. Биздин мектепте эки күзөтчү нөөмөт менен иштешет. Күзөтчүлөрдөн тышкары мектеп инспектору, класс жетекчилери жана социалдык педагогдор бар. Бул кызматкерлер балдардын мектеп ичиндеги коопсуздугуна жана убактысынын туура өтүшүнө жооп беришет. Ал эми баланы мектепке алып келүү жана алып кетүү бул ата-эненин жоопкерчилиги. Башталгыч класстардын баарын биринчи нөөмөткө өткөрүү боюнча аракеттер жүрүп жатат, бирок азырынча класстар жетишсиз. Окуучулардын санынын көптүгүнө байланыштуу мугалимдер жана класстар тартыш болууда. Ушундай шарттардан улам кошумча нөөмөт ачууга туура келди. Учурда бул маселени чечүү боюнча иш алып барып жатабыз. Кошумча класстарды жана мугалимдердин санын көбөйтүү багытында аракеттер көрүлүүдө”, — деди ал.
Ал эми бул маселе боюнча Агартуу министрлигине кайрылганыбызда тиешелүү жооп ала алган жокпуз.