“Мектеп 21” долбоору жаңы окуу жылына даярдалат. Кендирбаева окуу мекемесине барды

Билим 606 03 Июнь 2026 18:00
WhatsApp_Image_O5bUhvB.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_Aco2af7.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_pW3F4vJ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_oNxzyOm.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_O5bUhvB.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_Aco2af7.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_pW3F4vJ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_oNxzyOm.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте маалымат технологиялар адистерин даярдай турган инновациялык программаны ишке ашыруучу жаңы форматтагы "Мектеп 21" IT мектебине барды.

Анда министрге оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жана келечектеги билим берүү мекемесинин концепциясы тааныштырылды. Бул мектеп Бишкектеги №99 кесиптик лицейдин аймагында жайгашат. Долбоордун өзгөчөлүгү мугалимдерсиз окуучулардын өз алдынча билим алуусуна негизделген билим берүү модели. Окуу процесси онлайн платформаларды жана заманбап билим берүү технологияларын колдонуу менен санариптик түрдө уюштурулат.

Кендирбаеванын айтымында, бул окутуу форматы окуучуларда өз алдынчалуулукту, тартипти жана жоопкерчиликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

"Бул модель окуучуга көбүрөк жоопкерчилик жүктөйт, ал өз алдынча чечим кабыл алууну жана көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табууну үйрөнөт", — деп белгиледи министр.

Ошондой эле билим берүү борборунда окуу учурунда турак жайга муктаж болгон өлкөнүн аймактарынан келген балдар үчүн жатакана даярдалууда.

Россиянын "Сбербанк" компаниясы менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде "Мектеп 21" санариптик технологиялар мектеби долбоору ишке ашырылууда.

Билим берүү борборунун расмий ачылышы жаңы окуу жылынын башталышына пландалууда.

Белгилей кетсек, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бир күн бою чогуу болуп, аларды ведомство башчысынын жумуш күнү менен тааныштырды.