Бишкек, 23.12.25 /Кабар/. Мексиканын Аскер-деңиз флотунун учагы медициналык миссия менен учуп бара жатып, АКШнын Техас штатындагы Галвестон шаарына жакын жерде кырсыкка учурады. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, кырсык Скоулз эл аралык аэропортуна конууга аракет кылып жаткан учурда, коюу тумандан улам болгон. Учак Мексиканын Нуэво-Леон штатынын Монтеррей шаарынан Галвестонго багыт алган.
The Daily News басылмасы жазгандай, учак Галвестон булуңуна кулаган. Бортто сегиз киши болгон — эки учкуч жана алты жүргүнчү, анын ичинде бир бала.
Кырсыктан кийин АКШнын жергиликтүү бийликтери менен биргеликте издөө-куткаруу иштери дароо башталган.