Мекенди коргоо – ыйык милдет: Ошто Куралдуу күчтөрдүн 34 жылдыгы белгиленди

Аймак 29 Май 2026 13:15
707965184_122212464068368081_4466576313091126110_n.jpg
709729095_122212464002368081_1840439029396200005_n.jpg
707855834_122212463966368081_7643868783629160199_n.jpg
708254840_122212463990368081_6528764803941004545_n.jpg
708345370_122212464170368081_478399529037483440_n.jpg
709068263_122212464086368081_3321137163918027302_n.jpg
709188646_122212464056368081_6591040029701090217_n.jpg
709589984_122212464116368081_3949647614024811603_n.jpg
709864184_122212464020368081_7416484357421219779_n.jpg
710782093_122212464182368081_8210864734648583639_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда Ошто Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев катышты.

Салтанаттуу аземде аскер кызматкерлеринин өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодогу орду, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактоодогу жоопкерчилиги жана мекенчилдик духту бекемдөөдөгү мааниси өзгөчө белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Орозбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамын кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө аскер кызматкерлеринин мамлекеттин тынчтыгын, элдин бейпилдигин сактоодогу күжүрмөн эмгегин жогору баалап, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле аскер кызматкерлерине сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылып, майрамдык концерттик программа тартууланды.

Иш-чара мекенге кызмат кылуунун ыйык милдет экендигин даңазалаган көтөрүңкү маанайда өттү.