Чолпон-Ата, 22.07.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн “Мейкин Азия” IV эл аралык эстрадалык музыка фестивалы чыгармачылыктын жана достуктун аянтчасы болду.
Фестивалдын алкагында дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген 28 таланттуу аткаруучу өз өнөрүн тартуулашты.
Мындан сырткары, азыркы учурда популярдуулукка ээ болгон Ay-Yola тобу, белгилүү ырчы Sevak жана Димаш Кудайберген маданий иш-чаранын ардактуу коноктору болушту.