“Мейкин Азия” фестивалынын баш байгеси румыниялык Мария-Диана Стынчуляшага ыйгарылды

Маданият 1587 22 Июль 2025 23:15
WhatsApp Image 2025-07-22 at 20.11.26 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 20.11.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 20.11.26 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 20.11.26 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 20.11.26 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 20.11.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 20.11.45.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 22.07.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн IV эл аралык “Мейкин Азия” эстрадалык музыка аткаруучуларынын фестивалы жыйынтыкталды.

Баш байге румыниялык Мария-Диана Стынчуляшага ыйгарылды. Ал жандуу үн, сахнада өзгөчө харизма жана күчтүү техникасы менен калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Биринчи орунга кыргызстандык ырчы Урмат Сатыбалдиев ээ болду.

Экинчи орунду эки катышуучу алды:

- Камир — Кыргызстан;

- Виталий Дроб — Беларусь;

Үчүнчү орунду үч өлкөнүн өкүлдөрү алды:

- Полина Тасева— Македония;

- Эдже Ата— Түркия;

- Тулкин Таджиев — Өзбекстан.

Ошондой эле көрүүчүлөрдүн онлайн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында, якутиялык Кирилл Матвеев "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүктүү ырчысы" наамын алды.

Фестиваль достукту, маданиятты жана чыгармачылыкты бириктирген ири эл аралык платформа катары жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.