Бишкек 25.07.25 /Кабар/. IV Ысык-Көл эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын "Мейкин Азия" фестивалы фестивалы жогорку деңгээлде өттү.
3 күн бою Ысык – Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн ири маданий иш-чарага дүйнөнүн 25тен ашык мамлекеттеринин өкүлдөрү, таланттуу жаш эстрада ырчылары катышты. Ар бир сынак Кыргызстандын жана чет өлкөлүк белгилүү жылдыздардын катышуусунда концерттер менен коштолду.
Фестивалдын өзгөчө көркүн I "Мейкин Азия" фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak ачышты. Алар өз чыгармачылыктарын көрүүчүлөргө тартуулашып, майрамдык кечени өзгөчө шаңга бөлөштү.
Популярдуу музыка аткаруучуларынын “Мейкин Азия” эл аралык Ысык-Көл фестивалы - бул жаш таланттарды таанытуу жана колдоо максатында уюштурулган эл аралык музыкалык фестиваль. Ал Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2013-жылдан бери уюштурулуп, өткөрүлүп келет. Буга чейин 2013-2015-2023-жылдары өткөрүлгөн. Быйыл төртүнчү ирет өткөрүлдү.
Фестиваль музыка аркылуу элдердин ортосундагы достукту жана маданий алакаларды чыңдоо, жаш таланттуу аткаруучуларды табуу жана колдоо, Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү, маданий диалог аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо, максатында өткөрүлүп келет.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, фестиваль өзүнүн көздөгөн максатына жетип, эл аралык деңгээлде "А" класстагы музыкалык сынактардын катарына кирип, жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чара катары таанылууда.
“Фестивалга болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүп, катышуучулардын географиясы кеңейип жатат.Эл аралык деңгээлдеги ырчылар, композиторлор, калыстар жана продюсерлер катышууда. Бул жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк”,-деп белгиледи министр.
Бул ирет сынактын гран-при сыйлыгы катары жеңүүчүгө 8 миң доллар, ал эми биринчи орунга 5 миң доллар каралган.
Баш байгени жандуу үнү, сахнадагы өзгөчө харизмасы менен калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн купулуна толгон румыниялык Мария-Диана Стынчуляша алды.
Биринчи орунга кыргызстандык ырчы Урмат Сатыбалдиев ээ болду.
Экинчи орунду эки катышуучу алды:
- Камир - Кыргызстан;
- Виталий Дроб - Беларусь;
Үчүнчү орунду үч өлкөнүн өкүлдөрү алды:
- Полина Тасева - Македония;
- Эдже Ата - Түркия;
- Тулкин Таджиев - Өзбекстан.
Ошондой эле көрүүчүлөрдүн онлайн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында, якутиялык Кирилл Матвеев "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүктүү ырчысы" наамын алды.
Катышуучулардын айтымында, фестиваль достукту, маданиятты жана чыгармачылыкты бириктирген ири эл аралык платформа катары жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, фестивалдын негизги өзгөчөлүгү - ар кандай өлкөлөрдүн маданиятын бир сахнада бириктирип, жаш таланттарга эл аралык деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүсү. Муну менен катар, ар бир катышуучунун өз өлкөсүнүн музыкалык жана маданий мурасын көрсөтүү.
Муну менен эле чектелбестен аталган маданий иш-чара Кыргызстанда маданий туризмдин өнүгүшүнө чоң түрткү берет.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев белгилегендей, фестивалдын жүрүшүндө кыргыз элинин маданияты, салт-санаасы, улуттук кийимдери, музыкасы жана тамак-аштары эл аралык деңгээлде көрсөтүлдү. Бул чет элдик туристтердин кызыгуусун арттырып, өлкөгө келгендердин саны жыл сайын көбөйүп жатканы байкалууда.
“Айрыкча Ысык-Көлдө өткөрүү менен курорттук сезонго да дем берип, меймандар үчүн жаңы таасирлерди тартуулайт. “Мейкин Азия” фестивалы - Кыргызстандын маданий бренди гана болбостон, ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүдөгү маанилүү платформа. “Мейкин Азия” фестивалын 70тен ашуун эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырды. Бул дүйнөнүн алдыңкы маданий аянтчалары менен кызматташууга шарт түздү. Кесиптик байланыштарды кеңейтти”,-деди ал.
Фестивалдын кульминациясы - казакстандык дүйнөлүк жылдыз, кайталангыс үнү менен угармандардын жүрөгүнөн орун тапкан Димаш Кудайбергендин гала-концерти болуп, ал өз сөзүндө “Мейкин Азия” анын чыгармачылык жолунда маанилүү кадам болгонун белгиледи.
Иш-чаранын соңунда ага президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардак наамы ыйгарылды.
Өз кезегинде ырчы Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардак наамын кыргыз элинин казак элине болгон терең сый-урматы катары кабыл алганын белгиледи.
“Биринчиден, президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирем. Кечээ берилген сыйлыкты кыргыз элинин казак элине көрсөткөн ызааты, сый-урматы катары кабыл алдым. Кыргыз элинин меймандостугуна жана өнөр ээлерине болгон мамилесине терең таазим этем", - деди Димаш Кудайберген.
Муну менен катар ал "Мейкин Азия" фестивалын жогорку деңгээлде уюштурган тараптарга да ыраазычылык билдирип, эки элдин маданий алакасын чыңдоого мындан ары да салым кошо берерин кошумчалады.
“Мейкин Азия” дүйнөлүк сахнага багыт алган жаштар үчүн маанилүү кадам болууда. Бул муундарды, маданияттарды жана өлкөлөрдү бириктирген фестиваль. Ар жылы жаңы ысымдар ачылып, жаңы үндөр жаңырып, тынчтык жана достуктун үмүтү жаңыланышына үмүттөнөбүз.