“Мейкин Азия” фестивалы өз максатына жетти – министр

Маданият Загрузка... 21 Июль 2025 21:01
WhatsApp Image 2025-07-21 at 17.46.43.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 21.07.25. /Кабар/. "Мейкин Азия" фестивалы көздөгөн максатына жетти. Бул тууралуу бүгүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Мейкин Азия” фестивалынын экинчи күнүндө маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, бул фестиваль эл аралык деңгээлде "А" класстагы музыкалык сынактардын катарына кирип, жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чара катары таанылууда.

“Фестивалда жандуу үн менен ырдап жатышат. Бардык аспаптар жана техникалык жабдуулар жаңыланган. Бул жаш таланттарды шыктандыруучга жана чыгармачылыкка дем берүүчүү аянтча. Ошондой эле, катышуучулардын бири-бири менен таанышып, маданий жана музыкалык тажрыйба алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү”,— деди министр.

Ал ошондой эле фестивалга болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүп жатканын белгиледи.

“Бул сынакка болгон кызыгуу жылдан жылга артып жатат. Эл аралык деңгээлдеги ырчылар, композиторлор, калыстар жана продюсерлер катышууда. Бул жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк”,— деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, сынактын гран-при сыйлыгы катары жеңүүчүгө 8 миң доллар, ал эми биринчи орунга 5 миң доллар каралган.

Фестивалдын жыйынтыктоочу бөлүгү — жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана гала-концерт — 22-июлда өтөт.

Жыйынтыктоочу күнү атактуу ырчы Димаш Кудайберген өзүнүн чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулайт.