“Мейкин Азия” фестивалы – Кыргызстандын маданий бренди

Маданият Загрузка... 04 Июль 2025 16:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 20-22-июль күндөрү IV Ысык-Көл эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын "Мейкин Азия" фестивалы өтөт. Фестивалга дүйнөнүн 25тен ашык мамлекеттеринин өкүлдөрү, таланттуу жаш эстрада ырчылары катышат. Ар бир сынак Кыргызстандын жана чет өлкөлүк белгилүү жылдыздардын катышуусунда концерттер менен коштолот. Фестивалдын ардактуу коноктору I "Мейкин Азия" фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak болушат. Аталган фестиваль тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин басма сөз катчысы Урмат Майрамбек уулу айтып берди .

“Мейкин Азия” фестивалынын тарыхы жана максаты

Популярдуу музыка аткаруучуларынын “Мейкин Азия” эл аралык Ысык-Көл фестивалы - бул жаш таланттарды таанытуу жана колдоо максатында уюштурулган эл аралык музыкалык фестиваль. Ал Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2013-жылдан бери уюштурулуп, өткөрүлүп келет. Буга чейин 2013-2015-2023-жылдары өткөрүлгөн. Быйыл төртүнчү ирет өтөт. Белгилүү болгондой Кыргызстанда гана өткөрүлөт.

Фестиваль музыка аркылуу элдердин ортосундагы достукту жана маданий алакаларды чыңдоо, жаш таланттуу аткаруучуларды табуу жана колдоо, Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү, маданий диалог аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо, максатында өткөрүлөт.

Фестивалдын туризмге кошкон салымы

“Мейкин Азия” фестивалы акыркы жылдары Кыргызстанда маданий туризмдин өнүгүшүнө чоң түрткү берүүдө. Борбор Азиядагы эң ири жаштар жана музыка фестивалы катары ал дүйнөнүн булуң-бурчунан келген катышуучуларды жана конокторду бириктирип, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн даңазалайт.

Фестивалдын жүрүшүндө кыргыз элинин маданияты, салт-санаасы, улуттук кийимдери, музыкасы жана тамак-аштары эл аралык деңгээлде көрсөтүлөт. Бул чет элдик туристтердин кызыгуусун арттырып, өлкөгө келгендердин саны жыл сайын көбөйүп жатканы байкалууда.

Айрыкча Ысык-Көлдө өткөрүү менен курорттук сезонго да дем берип, меймандар үчүн жаңы таасирлерди тартуулайт.

“Мейкин Азия” фестивалы - Кыргызстандын маданий бренди гана болбостон, ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүдөгү маанилүү платформа.

Фестивалдын өзгөчөлүгү

Фестивалдын негизги өзгөчөлүгү - ар кандай өлкөлөрдүн маданиятын бир сахнада бириктирип, жаш таланттарга эл аралык деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүсү. Муну менен катар, ар бир катышуучунун өз өлкөсүнүн музыкалык жана маданий мурасын көрсөтө алат.

Фестивалдын маданий мааниси жана коомчулукка тийгизген таасири

“Мейкин Азия” фестивалы кыргыз элинин маданий турмушунда өзгөчө орунга ээ. Ал дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстандын имиджин көтөрүп, туристтердин агымын көбөйтөт. Ошондой эле жаштар арасында маданий баалуулуктарды жайылтууда жана эл аралык достукту чыңдоодо чоң ролду ойнойт.

Фестивалга карата даярдык мыкты

Учурда уюштуруу иштери кызуу жүрүп жатат. Катышуучуларды кабыл алуу, программа түзүү, техникалык камсыздоо жана коопсуздук маселелери боюнча бардык тиешелүү иштер аткарылууда. Кыргыз Республикасынын өкүлүн тандоо үчүн тандоо туру 12-июль күнү түз эфирде өткөрүү пландалууда.

Катышуучулар үчүн жатакана, тамак-аш, транспорт жана коопсуздук маселелери толук камсыздалат. Аларга профессионалдык техникалар менен сахнада ырдоо мүмкүнчүлүгү берилет.

Калыстар курамына ар түрдүү өлкөлөрдөн келген белгилүү маданият ишмерлери кирет. Алар катышуучулардын үн жөндөмүн, сахна маданиятын жана аткаруучулук чеберчилигин баалашат.