Мээрим Жуманазарова Польшадагы турнирдин жеңүүчүсү болду — Кабар

Мээрим Жуманазарова Польшадагы турнирдин жеңүүчүсү болду

Спорт 29 август 2026 13:40
images (1).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Польшада өткөн Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open эл аралык турниринде алтын медаль тагынды.

Ал 68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, финалдык беттеште швециялык Сьобергди 5:2 эсебинде жеңди.

Муну менен Мээрим Жуманазарова турнирдин жеңүүчүсү аталды.