Бишкек, 28.10.26 /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде жеңишке жетти.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, аялдар күрөшүнүн 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Жуманазарова мелдешти 1/8 финалдан баштап, анда Индиянын өкүлү Сришти менен беттешти.
Беттеш 5:1 эсебинде кыргызстандык спортчунун жеңиши менен аяктады.