Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмак ченинде Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде бешинчи сапка жайгашты. Спортчу жалпысынан 25 миң 400 упай топтогон.
Рейтингде биринчи орунга япониялык балбан, экинчи орунга болгариялык спортчу, үчүнчүгө АКШнын өкүлү, төртүнчүгө кытайлык балбан жайгашты.

Белгилей кетсек, Бишкекте өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова алтын медаль жеңген.
Мээрим Жуманазарова мелдешти чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде ал Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалда Кытайдын спортчусун уткан.
Ал эми алтын медаль үчүн болгон чечүүчү финалдык беттеште япониялык балбан, Азия жана дүйнө чемпиону Мива Морикаваны 2:1 эсебинде жеңген болчу.
Мээрим Жуманазарова 68 кг салмак категориясында күч сынашып келет.