Медициналык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик ооруканада 2 жыл иштөөгө милдеттендирилиши мүмкүн

Ден соолук Загрузка... 17 Сентябрь 2025 16:50
1032834522_0_255_31.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Учурда Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, медициналык университеттердин бүтүрүүчүлөрү ординатурадан кийин, мамлекеттик ооруканада эки жыл иштөөгө милдеттендирилиши мүмкүн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай чара дарыгерлердин жеке клиникаларга дароо өтүп кетпестен, мамлекеттик мекемелерде тажрыйба топтоп, протоколдорду үйрөнүшүнө шарт түзөт. Министр белгилегендей, акыркы эки айда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында көптөгөн жеке клиникаларда мыйзам бузуулар аныкталган — дарылоо ыкмаларын туура колдонбогон учурлар, лицензия талаптарын билбеген дарыгерлер жана башка кемчиликтер катталган.

Депутат Алишер Эрбаев министрдин аракеттерин колдой турганын айтып, бирок акыркы төрт жыл ичинде Саламаттык сактоо министрлиги менен Агартуу министрлиги тараптан олуттуу жылыш болбогонун сындады:

«Биз мыйзамга сунуштарыңызды колдойбуз, каражат да бөлүп жатабыз, бирок натыйжа көрүнбөйт», — деди депутат.