Медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга дарыгерлер жумушка чакырылды

Коом Загрузка... 13 Июль 2026 17:45
4y5ekVp9CshOItueGKkxroeef5i8qD0lw6JNJwdOuQSs9KOfmTg2JG5lS5IopQEJTZLagOErWYpXCDdaibuKpB7wgeZwtXY37aZAwLyFET9EDThD0BfLFI7-QSqBdMKMJDRaFPMwLAKMRPejKuOkXELhtHJC4x464hjmb-ehGOqcbeiuZCPojPP8-6g5CLhc.jpg

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аймактык Медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга (МСЭК) дарыгер-эксперт кызмат ордуна талапкерлерди тандоо жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, талапкерлер жогорку медициналык билимге ээ болуп, терапевт, хирург, невропатолог же кардиолог адистиктеринин бири боюнча билим алышы зарыл. Ошондой эле өз профили боюнча жарактуу адистик сертификаты болушу талап кылынат.

Иш тажрыйбасы боюнча талапкерлер саламаттык сактоо уюмдарында кеминде 5 жылдык клиникалык тажрыйбага ээ болушу керек. 5–7 жылдык тажрыйбасы бар адистерге артыкчылык берилери белгиленген.

Мындан тышкары, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча экспертиза жүргүзгөн Дарыгердик-консультациялык комиссиянын (ДКК) курамында иштеген талапкерлер да артыкчылыкка ээ болот.

“Талапкерлер электрондук документ жүгүртүү системалары менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуп, компьютерди ишенимдүү деңгээлде колдоно билиши керек. Ошондой эле “МСЭК” маалыматтык системасынын базасында иш алып барууну тез өздөштүрө билүү, айлык, кварталдык жана жылдык статистикалык отчетторду өз алдынча даярдай билүү талап кылынат”,- деп жазылат маалыматта.

Кененирээк маалымат алуу үчүн: 0312 39 16 63, +996 559 290 000 номерлерине кайрылууга болот.