Кыргызстанда 2021–2025-жылдары 21 медициналык объект курулуп бүткөрүлсө, үстүбүздөгү жылы 40тан ашык мекеменин курулушу жүрүүдө. Ал эми медицина кызматкерлеринин эмгек акысы ушул жылдын 1-апрелинен тартып 100 пайызга жогорулады. Учурда медициналык заманбап инфраструктураны өнүктүрүү менен калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча ири иштер аткарылууда.

Саламаттык сактоо тармагындагы курулуштар
Саламаттык сактоо министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, 2021–2025-жылдары республикалык бюджеттин жана башка булактардын эсебинен саламаттык сактоо мекемелеринин 21 объектиси курулуп бүткөрүлгөн. Аларды курууга жалпысынан 2 млрд 612 млн 882 миң сом жумшалган. Алардын катарында Нарын облусундагы инфекциялык оорукана, Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын жаңы корпусу, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында балдардын жандандыруу жана дарылоо-консультативдик бөлүмдөрүнүн имараты жана башка медициналык объектилер бар.
Ал эми 2026-жылы саламаттык сактоо системасынын 40тан ашык объектисинин курулушу каржыланууда. Бул максатка республикалык бюджеттен жана башка булактардан 13 млрд 236 млн сом каралган. Мисалы, Бишкек шаарында беш медициналык объекттин курулушу жүрүп жатат. Алардын арасында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасындагы 350 орундуу көп профилдүү балдар стационары, Улуттук госпиталдын базасындагы трансплантология борбору, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы имараты, Бишкек шаарынын №1 төрөт үйүнүн 200 орундуу имараты жана Травматология жана ортопедия улуттук борбору бар.
Медициналык мекемелердин курулуш иштери өлкөнүн башка аймактарында да жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 7, Нарын облусунда – 4, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 3 жана Ысык-Көл облусунда – 5 объектте курулуш иштери жүрүүдө.

Медициналык кызматкерлердин айлыгы 100 пайызга жогорулатылды
Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгына ылайык, медициналык кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга жогорулатылды. Президенттин атайын компенсациялык төлөмү да киргизилген.
Учурда жаш дарыгерлердин айлык акысы 35 миң сомго чейин, ал эми тажрыйбалуу хирургдардын эмгек акысы 58 миң сомго чейин жетет. Бул суммага бийик тоолуу аймактарда иштегендиги үчүн төлөнүүчү кошумча төлөмдөр кирбейт.
Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов “Биринчи радионун” түз эфиринде мурда медицина кызматкерлеринин айлыгы төмөн болгондуктан, айрым адистер тармактан кетип калышканын белгилеген.

“Азыркы учурда медицина кызматкерлеринин айлык маянасынын көтөрүлүшү — медицина тармагына көңүл буруунун эң жакшы жактарынын бири. Чынында, айлык маяна жакшы көлөмдө көтөрүлдү. Буга чейин эч мындай коэффициентте көтөрүлгөн эмес. Азыр тармакта иштеп жаткан кесиптештердин көпчүлүгү көбөйгөн айлыктарын алышып, ыраазы болуп отурушат”, — деди министр.
Россиянын Федералдык медициналык-биологиялык агенттигине караштуу №8 клиникалык оорукананын кардиологу жана эндоваскулярдык хирургу Эрлан Каратаев да медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашын тармактагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири катары баалады.
“Мен көп жылдан бери Москванын жанындагы Обнинск шаарында эндоваскулярдык хирург болуп эмгектенем. Быйыл эс алууну өз өлкөбүздө өткөрөлү деп келип, аэропорттон түшкөндөн баштап шаардагы өзгөрүүлөрдү көрүп, мамлекетибиз тез өнүгүп жатканын байкадым. Медицина тармагын айтсам, биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасала баштады. Медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга кошулду. Бул башталышы гана, мындан кийинки жылдары дагы көтөрүлөт деп үмүттөнөм”, — деди ал.

Эмгек акынын жогорулашы медициналык кызматкерлерди колдоого жана алардын эмгегин баалоого багытталган. Муну менен катар тармактын узак мөөнөттүү өнүгүүсү үчүн кадрларды даярдоо, жаш адистерди колдоо жана аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын камсыздоо маселелери да маанилүү бойдон калууда.
Оорулардын алдын алуу жана алгачкы медициналык жардамды чыңдоо зарыл
Академик Омор Касымовдун айтымында, саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн оорулардын алдын алууга өзгөчө көңүл буруу керек. Анын пикиринде, жарандардын ден соолугун сактоо ооруп калгандан кийин гана дарылоо менен чектелбестен, оорунун пайда болушуна жол бербөө, аны эрте аныктоо жана өнөкөт ооруларды туура көзөмөлдөө иштерин да камтууга тийиш.
“Бүгүнкү күнү саламаттыкты сактоо системасын жалаң гана жаңы ооруканаларды куруу менен чыңдоо мүмкүн эмес. Эң башкысы — жарандардын ооруп калуусунун алдын алууда үч баскычтуу профилактиканы киргизүү зарыл. Баштапкысы сергек жашоо образын, туура тамактанууну калыптандыруу, экинчиден оорулууну туура багыттоо жана коргоо жана үчүнчү өнөкөт оорулууларды туура дарылоо жана калыбына келтирүү системасын бекемдөө керек. Андан тышкары, ден соолугуна алдын ала кам көрүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү. Негизги каржылык жана материалдык-техникалык ресурстарды поликлиникалар менен үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, ФАПтарга багыттоо зарыл”, — деп белгиледи Касымов.
Аймактарда жогорку технологиялуу медициналык жардам кеңейтилүүдө
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоо жана дарылоо боюнча жогорку технологиялуу аймактык КАТЛАБ-борборлорунун тармагы кеңейтилүүдө. Учурда иштеп жаткан борборлор курч миокард инфаркты учурунда коронардык артерияларды диагностикалоо жана стенттөө үчүн керектелүүчү акысыз чыгым материалдары менен үзгүлтүксүз камсыздалууда.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Улуттук кардиология жана терапия борборунда 3 миң 277 жогорку технологиялуу медициналык кийлигишүү жүргүзүлгөн. Бул 2025-жылдын ушул мезгилиндеги 2 миң 52 процедурадан көп. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында 2026-жылдын алгачкы беш айында 450 процедура жасалган. Ал эми 2025-жылдын төрт айында 279 процедура жүргүзүлгөн. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда биринчи жарым жылдыкта 425 процедура аткарылган. Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда 124 процедура жасалган. 2026-жылдын май айында Балыкчы шаарында КАТЛАБ-борбору ачылып, анда 170ке жакын процедура жүргүзүлгөн.
КАТЛАБ-борборлору жүрөк кан тамырларын текшерүүгө жана зарыл учурда стент коюуга мүмкүндүк берет. Мындай борборлордун аймактарда иштеши бейтаптарды алыскы шаарларга жеткирүүгө кеткен убакытты кыскартууга жана курч миокард инфаркты учурунда өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.
Дарыгер Эрлан Каратаев жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнө жүзүндө өлүмгө алып келген негизги себептердин бири экенин белгилеп, аймактарда аталган адистештирилген борборлорду өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.
“Бүт дүйнө жүзүндө жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмгө алып келүүдө биринчи орунда турат. Мунун алдын алуу максатында Нарында, Таласта, Ысык-Көлдө, Жалал-Абадда, Баткенде заманбап, орусча айтканда, жүрөк-кан тамыр борборлору курулуп, элибизге Бишкекке, Ошко келип отурбай, өз регионунда заманбап медициналык кызмат көрсөтүлө баштады. Бул — жакшы көрүнүш”, — деди кардиолог.
Гамма-бычак жана робот-хирург: жогорку технологияларга жол ачылууда

Кыргызстанда жогорку технологиялуу медициналык жардамды өнүктүрүү багытында дагы бир катар өзгөрүүлөр болууда. Жакында эле өлкөгө мээдеги айрым шишиктерди жана башка патологияларды дарылоодо колдонулган гамма-бычак аппараты алып келинди. Маалыматка ылайык, аны сатып алууга президент Садыр Жапаров тарабынан каражат бөлүнгөн. Бул аппаратты колдонуу менен тиешелүү дарылоого муктаж бейтаптарга өз өлкөсүндө медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Мындан тышкары, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өлкөдөгү биринчи робот-хирург алынып келинди. Ал операцияларды так аткарууга жардам берет. Жакынкы убакта анын жардамы менен академиянын клиникалык базасында операцияларды жүргүзүү пландалууда.
Академик Касымовдун бейтаптардын башка өлкөлөргө барып дарылануусун азайтуу үчүн ата мекендик медицинага заманбап жогорку технологияларды киргизүүнүн маанисине токтолду.
“Соңку убакта мамлекет тарабынан гамма-бычак аппараты сыяктуу инновациялык жабдууларга каражат бөлүнүп жатканы — чоң жетишкендик”, — деди ал.
"Эл Аман" тармагында 66 мамлекеттик дарыкана иштейт
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынан маалымдашкандай, социалдык маанилүү дары-дармектерди калкка арзан баада сунуштоо жана алыскы аймактарды дары менен камсыз кылуу максатында 2023-жылы өлкөдө “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалар тармагы ачылган. Кабарлангандай, бүгүнкү күндөгү тармакта 66 дарыкана иш жүргүзүүдө.

“Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан Бишкек шаарында пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча электрондук рецепт менен берилүүчү жеңилдетилген дары-дармектер “Эл Аман” дарыкана тармагы аркылуу гана берилет. Долбоордун максаты — дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жана даректүү берилишин, ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу”,- деп айтылат маалыматта.
Медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Омор Касымов “Кабар” маалымат агенттигине берген саламаттык сактоо тармагындагы реформалардын маанисине токтолуп, жетишилген өзгөрүүлөр менен катар оорулардын алдын алуу, алгачкы медициналык жардамды өнүктүрүү жана санариптештирүү багыттарына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

“Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында олуттуу өзгөрүүлөр жана реформалар ишке ашырылып жатканы байкалууда. Өлкөдө ооруканалардын курулушу, медициналык жабдуулардын жаңыртылышы жана дарыгерлердин айлык айлыктарынын жогорулашы сыяктуу алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Бирок, тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бир канча негизги багыттарга өзгөчө көңүл буруу зарыл”,- деди профессор.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү багытында медициналык мекемелерди куруу, заманбап технологияларды киргизүү, аймактарда жогорку технологиялуу жардамды кеңейтүү жана дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы да тармакты колдоодогу маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Ошол эле учурда эксперттер оорулардын алдын алууга, алгачкы медициналык жардамды чыңдоого жана калктын саламаттык маданиятын жогорулатууга көңүл буруу зарылдыгын белгилешет. Бул багыттардын комплекстүү өнүгүшү медициналык кызматтын сапатын жакшыртып, жарандардын өз убагында жана жашаган жерине жакын жерде дарылануусуна шарт түзөт.