Өлкөдө быйыл республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен 34 ири медициналык объекттин курулушу жүрүүдө. Бул курулуштар саламаттык сактоо тармагын жаңылоого, инфраструктурасын жакшыртууга жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга арналган. Ошондой эле борбордо жана аймактарда курулуп жаткан жаңы мекемелер медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, заманбап жабдуулар менен камсыздоого жана адистер менен бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган.
Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана каржылык талдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Шер Сүйүнбек уулунун айтуусу боюнча учурда өлкөдөгү айрым медициналык объектилер пайдаланууга берилип, ал эми кээ бирлеринин курулушу уланууда. Аларга быйылкы жылы республикалык бюджеттин жана инвесторлордун эсебинен жалпысынан 10 млрд сомдун тегерегиндеги каражат бөлүнгөн.

“Акыркы жылдары айрыкча аймактагы ооруканаларга көңүл бөлүнүүдө. Ал эми бул кадамдар облустарда жашаган жарандардын ыңгайлуулугу, алар борборго келип отурбастан, өз жеринде сапаттуу медициналык кызматтардан пайдалана алышы үчүн жасалууда.
Булардын арасынан үч ай эле эмес жылы бою туристтик аймак болушу керек деп белгиленген Ысык-Көл облусундагы ооруканалардын курулушуна артыкчылык берилүүдө. Буга ылайык, Каракол шаарында 350 орундук көп тармактык чоң оорукананын курулушу жүрүүдө. Туристтик потенциалы жогору деп саналган Чолпон-Ата шаарында дагы 100 орундук оорукана жана Ананьево айылында дагы 100 орундук оорукана курулууда. Ошондой эле алдыда Жети-Өгүз району менен Балыкчы шаарында дагы медициналык мекемелердин курулушу пландалган”-деди ал.

Жетектөөчү адис бирдиргендей, өлкөнүн башка облустарында дагы медицина мекемелеринин курулушу кызуу жүрүүдө.
“Алардын катарын Токтогул районундагы Жалпы дарыгердик практика борбору, Алай районуна караштуу Гүлчө шаарындагы ооруканасынын курулуш иштери толуктайт. Быйыл башталган курулуштарга Өзгөн районундагы 350 орундук Жалпы дарыгердик практика борбору кирет. Учурда аталган жерде эски объектилерди алуу иштери жүрүүдө. Курулуштун жалпы суммасы 1 млрд 350 сом деп бааланган. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай шаарында 10 орундуу оорукана ачылуу алдында турат.

Буга чейин Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 60 орундуу заманбап оорукана ачылган. Ал республикалык бюджеттин эсебинен 132 миллион сомго курулуп, төрөт, терапия, хирургия, педиатрия жана тез жардам бөлүмдөрүнөн турат. Андан сырткары, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чокмор айылында Алима Ташиева атындагы борбор колдонууга берилди. Бул борбор үй-бүлөлүк медицина тармагында иш алып барат жана 75 орунга ылайыкталган. Жеке инвесторлордун жардамы менен курулуп, мамлекетке өткөрүлүп берилди”,-деди Шер Сүйүнбек уулу.
Борбор калаада дагы бир катар ооруканалардын курулушу активдүү жүрүп жаткан убагы. 26-августта өлкө башчысы Бишкектин четинде көп профилдүү заманбап медициналык шаарча куруу жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. Анда жаңы шаарчага борбордогу негизги мамлекеттик ооруканалар этап-этабы менен көчүрүлүп, калкка комплекстүү медициналык кызмат көрсөтүлөт. Каржылоо мамлекеттик ооруканалардын имараттарын менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттан, жеке инвестициялардан жана эл аралык уюмдардын колдоосунан камсыздалат, зарыл болсо бюджеттен да кошумча каражат бөлүнөт. Долбоорду президенттин иш башкармалыгы жетектейт, ал эми көчүрүлгөн мекемелердин “улуттук” статусу жана кызматкерлердин үстөк акысы сакталып калат деп белгиленген.

Шер Сүйүнбек уулунун билдирүүсү боюнча бул медициналык шаарча өлкөдөгү артыкчылыктуу долбоордун бири болуп саналат.
“Жарлыктын негизинде даярдык иштерине алты айлык мөөнөт берилген. Азыркы учурда документтерди даярдоо, жерди трансфармациялоо, бөлүштүрүү иштери жасалып, тийиштүү мекемелерге бөлүнүп берилди. Андан сырткары бул шаарчага көчүрүлө турган ооруканалардын тизмеси да такталууда.
Негизинен ооруканалар 3 деңгээлге бөлүнөт. Мисалы, бул жерде жарандарга алгачкы ыкчам кызмат көрсөтүүчү амбулатордук ооруканалар, төрөт үйлөрү, экинчи деңгээлдеги шаардык, райондук, облустук деген статусту алып жүргөндөр ордунда калат. Ал эми үчүнчү деңгээлдеги – “улуттук” деген макамы бар, жалпы республикалык деңгээлдеги мекемелер жаңы жерге көчүрүлөт.
Алдын ала болжолдоолор боюнча ооруканалар төрт миң орунга ылайыкталып, аянты 104-106 гектардын тегерегинде болот. Бул медициналык шаарчага өлкөнүн бардык облустарынан келген бейтаптар дарылана алышат.

Ошондой эле, Бишкектеги Улуттук травматология жана ортопедия борборунун курулушуна быйыл старт берилген. Бюджети мамлекет тарабынан каржыланууда жана ага президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” компаниясы башкы подрядчы болуп бекитилген. Учурда аталган объектиде курулуш иштери кызуу жүрүп, бетон-монолит куюу иштери жасалууда.
Андан сырткары, Улуттук госпиталга караштуу Транспланталогия жана гемодиализ борборунун курулушу активдүү фазада. Ал дагы республикалык бюджеттин эсебинен курулууда. Учурда үч кабатынын каркасы көтөрүлдү”,-деп кошумчалады ал.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-2025-жылдар аралыгында өлкөдө төмөндөгүдөй 34 саламаттык сактоо объектиси курулган:
Жалал-Абад облусунда – 9;
Ош облусунда – 8;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Бишкек шаарында – 3;
Чүй облусунда – 3;
Баткен облусунда – 3;
Нарын облусунда – 3;
Талас облусунда – 1.