Медиасабаттуулук жана санариптик коопсуздук. Түрк тилдүү мамлекеттер Анкарада форумга чогулду

Коом 18 декабрь 2025 19:27
599825365_1162271029397985_4627342915522781158_n.jpg
601533493_1162271096064645_4318137517598941135_n.jpg
601849222_1162270852731336_7648576200443094123_n.jpg
599777316_1162270806064674_7622013031561571346_n.jpg
600460082_1162270706064684_4855599433460155731_n.jpg
601496130_1162270989397989_2071520093645821582_n.jpg
600288375_1162270952731326_301931872789569584_n.jpg
600220508_1162270902731331_3498690800791400167_n.jpg
Алдыга
Артка
599825365_1162271029397985_4627342915522781158_n.jpg
601533493_1162271096064645_4318137517598941135_n.jpg
601849222_1162270852731336_7648576200443094123_n.jpg
599777316_1162270806064674_7622013031561571346_n.jpg
600460082_1162270706064684_4855599433460155731_n.jpg
601496130_1162270989397989_2071520093645821582_n.jpg
600288375_1162270952731326_301931872789569584_n.jpg
600220508_1162270902731331_3498690800791400167_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 18.12.25 /Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин жалган маалыматка каршы күрөшүү форуму расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиршти.

Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандан, ошондой эле байкоочу макамындагы Венгрия, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан делегациялар катышууда.

Форумга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат тармагына жооптуу министрлери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, медиа жана журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын расмий ачылышында Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Өмер Кожаман жана Түркия президентинин администрациясынын Коммуникациялар башкармалыгынын жетекчиси профессор Бурханеттин Дуран куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев форумда сөз сүйлөп, санариптик мейкиндиктеги чакырыктар, медиасабаттуулукту жогорулатуу жана жалган маалыматтарга каршы кызматташуунун маанисине токтолду.

«Учурда санариптик технологиялар тез өнүгүп, маалымат өтө ыкчам тараган шартта медиасабаттуулук, маалыматтык коопсуздук жана жалган маалыматтарга каршы аракеттер өзгөчө актуалдуу. Бул чакырыктар улуттук чек аралардын чегинен чыгып, макулдашылган жана системдүү чечимдерди талап кылат. Форумдун жыйынтыктары түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, биргелешкен медиапрактикаларды өнүктүрүүгө жана коопсуз маалыматтык мейкиндикти түзүүгө салым кошот», - деп белгиледи ал.

Тагаев ошондой эле түрк дүйнөсүнүн кызыкчылыгы үчүн жоопкерчиликтүү маалыматтык чөйрөнү түзүүгө багытталган долбоорлорго активдүү катышууга даяр экенин билдирди.

Форумдун негизги максаты – түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат жана санариптик коммуникациялар чөйрөсүндөгү кызматташуусун чыңдоо, ошондой эле маалыматтын ыкчам жайылуусу шартында жалган маалыматтарга каршы биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу.

Белгилей кетсек, иш-чара Түрк мамлекеттер уюмунун 2025-жылга чейинки маалымат чөйрөсүндөгү иш-аракеттер планынын алкагында өтүүдө.